Чүй облусунун Сокулук районундагы эки көчөгө асфальт төшөлөт

Чүй облусунун Сокулук районундагы эки көчөгө асфальт төшөлөт.

Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, иштер Мичурин жана

Школьная тилкелеринде аткарылат. Учурда буга чейинки жараксыз абалдагы

эски асфальт алынып, жаңысын төшөө үчүн даярдык көрүлүүдө. Иштерге

2,5 миллион сом багытталат. Сумма жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт.