Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда унаа жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жалпысынан 5 тилкеде жумуштар жүрүүдө.
Алардын оңдоло турчу жолдорунун узундугу дээрлик 3 чакырымды түзөт.
Иштерге 18,5 миллион сом сарпталат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.