Быйыл Баткен облусунда 18 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата
9,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Жумуштар Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана,
Айдаркен, Сүлүктү шаарларында жана Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда аткарылат.
Долбоорго жалпысынан мамлекеттик бюджеттин эсебинен 65 миллион сом каралган.