Чүйдө айыл өкмөттүн жерин мыйзамсыз сатууга шектүүлөр камалды

Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатып жиберүүгө шектелген кызматкерлер камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Ысык-Ата районуна атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Анын негизинде 2017-2018-жылдары Новопокровка айыл өкмөтүнө караштуу 20 гектар аңыз-шалбаа турак жай куруу үчүн сатылып кеткени аныкталган.

 

Мыйзамсыз түшкөн үйлөрдү документтештирүү, айыл чарба жерлерин турак жай категориясына которуу максатында 2023-жылдын февраль айында Жер комиссиясы жана Ысык-Ата акимиаты атайын буйрук чыгарып берген.

 

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иш козгогон.

 

Ага байланыштуу Кылмыш иликтөө башкармалыгы Новопокровка айыл өкмөтүнүн кеңсесине, андан тышкары 16 тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн.

 

Анда бир катар мыйзамсыз документтер алынып, кылмышка шектүү катары айыл өкмөт башчысы, анын орун басары, «Кадастрдын» Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы, мекеменин кызматкери, жер сатууда ортомчулук кылган Аламүдүн районунун тургуну камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.