Сузак районунда балдарды “Портер” коюп кеткен окуяны иликтөө боюнча президенттин буйругу менен атайын комиссия түзүлдү

Сузак районунда балдарды “Портер” коюп кеткен окуяны иликтөө боюнча президенттин буйругу менен атайын комиссия түзүлдү.

 

“Кабар” жазгандай, анын курамына профилдик министрликтердин жана өлкө башчы администрациясынын өкүлдөрү кирди.

 

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат. Эске салсак, каргаша 2-майда жайлоодо “Урааным Манас” сынагы учурунда болду. Токтоп турган кичи жүк ташуучу унаа жүрүп кетип, 30 бала жабыркады.