Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

 

Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

 

Учурда жолго топурак салуу иштери жүрүп жатат. Унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол этап-этабы менен тосулат. Бүгүн, 6-майда көчөнүн түштүк тарабы жабык, андан кийин жолдун түндүк бөлүгүн жабуу пландалууда.