Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин мониторингинен маалым болду. Ага ылайык, бензиндин АИ-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду.

 

Бензиндин АИ-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, АИ-80 үлгүсү 58-59 сомдун тегерегинде болууда. Дизель наркы жыл башынан бери 69-70 сомдон 72-73 сомго чейин кымбаттады.

 

Адистер баанын жогорулашын Россиядагы күйүүчү-майлоочу май саткан заводдордогу дүң баалар өсүп жатканы менен байланыштырууда.