Чүй облусунда курал-жарак жана ок-дарылардын бекитилген жери табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн.
«Жашырылган жерден номерлери өчүрүлгөн жана гильзалары бар Калашников АК-47 автоматы табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн. Учурда УКМК табылып алынган куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат», — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.