13-апрелге карата коменданттык саатты бузган 88 жаран кармалды

13-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат учурунда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 88 жаран жеткирилип, 3 унаа атайын жайларга токтотулду.

 

Бишкек шаары — 56;
Ош шаары — 16;
Жалал-Абад шаары — 10;
Сузак району — 5;

Кара-Суу району боюнча -1.

Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 472 жаран коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.