Чүйдүн Ысык-Ата районунда эки кичи ГЭС курулууда.
Аталган райондун администрациясынан билдиришкендей, учурда биринчи объектте жумуштар 50 пайызга аяктап калды.
Кубаттуулугу 2 МВт болгон бир кичи ГЭС май-июнь айларында иштей баштайт.
Ал эми экинчи гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 4 МВт түзөт.
Ал качан пайдаланууга берилери такталган жок.