Камбат-Ата 1 ГЭСинин курулуш иштерине эртең старт берилет.
Бул тууралуу бизге министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ведомстводон белгилешкендей, курулуштун биринчи этабына 3,5 жылдан 5 жылга чейинки убакыт керектелет.
Аталган ГЭС 1 миң 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.
Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашат.
Белгилеп кетсек, Камбат-Ата-1 ГЭСи – бул акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык долбоор.
Анын ишке кириши менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетет деп күтүлүүдө.