Президенттик шайлоолордун бюллетендеринде “баарына каршы” деген графа болот

Президенттик шайлоолордун бюллетендеринде “баарына каршы” деген графа болот. БШКдан билдиришкендей, эгер кыргызстандыктардын басымдуусу ушундай добуш берсе, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, 30 күндүн ичинде кайра добуш берүү күнү жарыяланышы керек болот.

 

Белгилеп кетсек, бюллетендердин тексти 21-декабрга чейин бекитилет. Өлкөнүн башкы постуна 63 адам талапкерлигин жылдырды. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.