Президенттик шайлоолордо жарандар жашаган жери боюнча гана добуш бере алат

elections

Президенттик шайлоолордо жарандар жашаган жери боюнча гана добуш бере алат. Бул тууралуу шайлоо өткөрүү боюнча штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, бул форма-2 жоюлганына байланыштуу.

 

Бирок Кыргызстанда ички миграция өнүгүп, аймактардан келип, шаарларда каттоого турбастан эле турукташкандар көп. Учурда алар үчүн добуш берүү жолдорун түзүү маселеси чечилип жатат, — деди чиновник.

 

Белгилеп кетсек, эми чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар үчүн форма-2 күчүндө калат. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.