Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына жаңы бала бакча курулду.
Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 17 млн 700 миң сом жумшалган.