Сауд Арабиянын ар бир футболчусу Аргентина курамасын уткандыгы үчүн  2,5 миллион евродон алды

Сауд Арабиянын ар бир футболчусу Аргентина курамасын уткандыгы үчүн  2,5 миллион евродон алды. Бул тууралуу маалымат интернетте тарап жатат.

 

Эске салсак, дүйнө чемпионатынын тайпалык этабында Сауд Арабия футболчулары Лионель Мессинин командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Учурда С тобунда арабдар лидерлик позицияда турат.

 

Анда 3 упай бар. Мексика жана Польшада 1ден упай, ал эми Аргентина 0 упай менен акыркы позицияда жайгашат. Кечээ жеңиштин урматына Сауд Арабияда улуттук эс алуу жарыяланган.