Ош шаарынын Жапалак айылындагы арматура заводу көчүрүлөт

Ош шаарынын Жапалак айылындагы арматура заводу көчүрүлөт.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундарга түштүк калаа мэринин милдетин аткаруучу

Алмаз Мамбетов убада берди. Анын айтымында, өндүрүш үчүн башка аймактан

жер берилет. Ал эми жашоочулар заводдон чыккан түтүнгө даттанышууда.

Белгилеп кетсек, арматура заводу 2016-жылы кыргыз-кытай ишкерлери ачкан.

Ишканада 100дөй кызматкер эмгектенет. Алардын 80 пайызы

жергиликтүү тургундар болсо, 20 пайызы кытайлыктар.