Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда 381 түгөй никеге турду.
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, алардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет. Ал эми 99 үй-бүлө расмий түрдө ажырашты. Жарандарды кабыл алууга
чектөө киргизилгенден кийин, никеге турууну каттоо токтотулган. Март айына чейин арыз тапшырууга үлгүргөн жарандардын гана мамилеси таризделди.