Чек ара кызматы аскерге чакыруу боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу (УКМК) Чек ара кызматы «Күз-2022» аскерге чакыруу жана кызмат өтөө үчүн даярдык тууралуу билдирүү таратты. Анда аталган мекеме ата-энелерге кайрылып, балдарын, бир туугандарын аскердик кызматка даярдоого, аларга дем берүүгө үндөгөн.

Акыркы учурларда кызмат өтөгүсү келбей, ант берүү алдында окуу борборлорунан качып кеткендер болуп жатканын белгилеген.

 

«Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек арачылардын аскер кызматкерлерин даярдоо башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматкерлерин даярдоо программаларынан бир топ айырмаланат. Чек ара аскерлери дайыма күжүрмөн даярдыкта, дайыма күжүрмөн кызматта турат жана душмандын чабуулу болгон учурда биринчилерден болуп соккуну өздөрүнө алат. Аскердик кызматтын кыйынчылыктарына жана оордугуна даяр, моралдык жактан туруктуу, Кыргызстандын чек арасын чын дилден коргоону каалаган жаштар кызмат өтөшү керек”, — деп жазылган Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

 

14-17-сентябрда кандуу кагылышта курман болгондордун басымдуусу чек арада кызмат өтөгөн аскерлер экени кабарланган.

5-октябрда Баткен облусунда «Илбирс» атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алып, ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Ага чейин соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапкан.

 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

 

Акыйкатчы институту түзгөн атайын жумушчу топ учурда акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.