УКМКнын Чек ара кызматына 55 ок өтпөс, 50 жүк ташуучу унаа, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү техника тапшырылды.
Борбордук “Ала-Тоо” аянтында уюштурулган иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.
Президенттин айтымында, ӨКМге быйыл 300 миллион сомдон ашык акчага элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникалар жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алынат.
Ал кошумчалагандай, техникаларга каражат бюджеттен сарпталат.