Биринчи класска электрондук каттоо 11-апрелде башталат.
Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, каттоо эки этап менен жүргүзүлөт.
Тагыраагы, окуучулар 11-апрелден 27-июнга чейин мыйзамдуу жашаган, 27-июндан 10-августка чейин иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого алынат.
Муниципалитет арыз берген ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын жеке идентификациялык номерисиз биринчи классака каттоого мүмкүн эместигин эскертти.