Чек арада жараат алгандардын саны 134 кишиге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Соңку маалыматтарга ылайык, Баткендеги чек ара чырынан 134 адам жабыркады.

 

Анын жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкектин, Баткендин ооруканаларында.