Ысык-Көлдө Россиянын жараны жоголду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Россиянын жараны 16-июлда Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган.

Ал үй-бүлөсү менен (5 киши) ​Каракол-Алакөл жайлоосуна барышканын, отун тергени кеткен 29 жаштагы кызы дайынсыз жоголуп кеткенин билдирген.

 

 

Ушул тапта Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан 15 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин 15 кызматкери издөө иштерин жүргүзүп жатат.