Тажик аскерлери Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

Тажик аскерлери Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
«16-сентябрда Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун жетинчи чакырымында тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метр болгон көпүрөнү жок кылышкан», — деп жазылат маалыматта.
Чек арага жакын жайгашкан аймакта жүктөгүч техника, жеңил автоунаа жана эки бульдозер калганы айтылып, министрлик техниканы азыр алып кетүүгө мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.