Чет мамлекеттерге баруу үчүн ПЦР-тест тапшыруу дагы эле милдеттүү

Чет мамлекеттерге баруу үчүн ПЦР-тест тапшыруу дагы эле милдеттүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет.

 

Ведомстводон белгилешкендей, чек арадан өтүүдө жана аэропорттордогу көзөмөл учурунда коронавирустун жоктугун тастыктаган маалымкат же вакцина паспорту талап кылынат.

 

Айрым мамлекеттерде беткап тагынуу, аралыкты сактоо жана санитайзер колдонуу сыяктуу карантиндик чектөөлөр дале күчүндө, андыктан, кыргызстандыктар кайсы чет өлкөгө барбасын, ошол мамлекеттин ички эрежелерин билип алышы керек, — дешти министрликтен.