Кыргызстанда кафе, ресторан жана башка көңүл ачуучу мекемелерди көзөмөлгө алуу күчөтүлдү.
Мындай чечимдин кабыл алынышына токтобостон уюштурулуп жаткан мааракелерди белгилөө чаралары себеп болду.
Республикалык штабдан белгилешкендей, учурда өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген тыюу салуу күчүндө.
Андыктан, адамдардын массалык түрдө вирусту жуктуруп алуу коркунучунан улам текшерүүлөр катуу көзөмөлгө алуу зарыл.