Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды. Рейтинг Улан-Батордо өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыгынын негизинде түзүлдү.

 

Анда Айпери Медет кызы алтын медалды багындырган. 76 килограмм салмак категориясында биринчи орунга америкалык Аделина Грей жайгашты.