Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелен айылында
жаңы кичи-ГЭС курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы
өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, кичи-ГЭС курулгандан
соң жергиликтүү калктын электр энергиясы менен камсыздалышы жакшырат.
Ошондой эле жергиликтүү бюджетке салыктык төлөмдөр көбөйөт.
Аталган айыл Кара-Суунун райондук борборунан
200 чакырым алыстыкта жайгашкан.