Италияда жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланды.
Мындай чечимди премьер-министр Жузеппе Конте вирустун андан ары
күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн кабыл алды. Эми өлкө аймагында
ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат. Аталган өлкөдөгү бардык спорттук
мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.
Италияда жалпысынан 9 миңден ашык адам вируска чалдыкса,
каза тапкандардын саны 500гө жакын. Белгилеп кетсек,
Кыргызстанда коронавирус учуру каттала элек. .