Ордо калаада тротуар жана веложолчолор масштабдуу түрдө курула баштады

Ордо калаада тротуар жана веложолчолор масштабдуу түрдө курула баштады.

Учурда Айтматов проспектисинде иштер кызуу жүрүп жатат. “Тазалык” жана

Жер пайдалануу башкармалыгынын кызматкерлери келечекте пайда болчу

курулуштун аймагындагы объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп

жатышат. Муну менен, аталган тилкедеги жогорку окуу жайлардын темир

тосмолору алынды. Мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөр жана

объектилерди алуу уланып жатат.