Чек ара коопсуздугун бекемдөөгө быйыл 3 миллиард сомго жакын бөлүнөт

Чек ара коопсуздугун бекемдөөгө быйыл 3 миллиард сомго жакын бөлүнөт.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине техникаларды тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал кошумчалагандай, өткөн жылы бул максаттарга бюджеттен 7,5 миллиард сом жумшалган.

Жапаров чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз, — деди.