Бишкектин мамлекеттик Санэпидем көзөмөл борбору жыйындар менен жолугушууларды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштады. Мэриядан такташкандай, мындай жагдайга коронавирус менен ооругандардын саны көбөйгөнү жана «омикрон» штаммынын аныкталганы себеп.
Адистер массалык иш-чараларга катышпай, аралыкты сактап, бет кап кийип, колду тез-тез жууп, имаратты желдетип, антисептик колдонууга чакырат.