Бишкек мэриясы калаа тургундарын алдамчылардан сак болууга чакырат

Бишкек мэриясы калаа тургундарын алдамчылардан сак болууга чакырат.

Маалыматка караганда, өздөрүн муниципалитеттин жетекчилери деп атаган адамдар

жарандардан акча которууну суранган фактылар катталды. Алар техника алууга жана

гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн кайрылышкан. Калаа бийлигинен эскертишкендей,

мындай жол менен каражат топтобойт, жарандарга сак болуп, маалыматты расмий

булактардан тактоо сунушталат. Аталган фактыларга кабылгандар, милицияга же

мэриянын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнө кайрылышы зарыл.