Чыңгыз Айтматов тууралуу тасма тартылат

Кыргыз-казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тасма Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз улуттук киностудиянын көмөгү менен тартылып, ага Руслан Машрапов режиссерлук кылууда.

Демилгени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш жүзүнө ашырууда. Долбоордун алкагында чыгармачыл сапар менен Казак эл акыны Мухтар Шаханов Кыргызстанга келип «Ата-Бейит» тарыхый комплексинде, Айтматовдун үй-музейинде жана Ысык-Көлдө болду.

 

Ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулган. Бул тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, кыргыз-казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалай турганы белгиленди.