Нарында эгемендиктин отуз жылдыгына арналган фестиваль өтүп жатат

24-августта Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта эгемендиктин 30 жылдыгына карата “Кыргыз шырдагы”, “Оймо” жана манасчы, акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган республикалык “Манас” фестивалы өтүп жатат. Маданий иш-чарага республиканын бардык облустарынан манасчылар, кол өнөрчүлөр, уздар келип катышууда. Фестивалдын башталышында бир саат «Манас» айтылды.

 

Манасчы, акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык “Манас” фестивалынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылды.

 

“Кыргыз шырдагы-Х” жана “Оймо” фестивалдары уланууда. Анын алкагында “Мыкты шырдак”, “Илгерки шырдак” кароо-сынактары, көргөзмө-жарманке, кол өнөрчүлөрдүн “Устат-шакирт” мектебинин чебер-класстары, “Жаш уздарды тандоо” сынактары өткөрүлүп, мыктылар аныкталат.

 

Фестиваль эки күнгө созулуп “Кыргыз шырдагы-Х” жана “Оймо” фестивалдарынын жыйынтыгы 25-августта аныкталат. Ушул эле күнү Нарын мамлекеттик университетинде “Кыргыз шырдагынын” 10 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.