Лионель Месси «Пари Сен-Жермен» клубу менен келишим түзүү үчүн Францияга келди

«Алтын топтун» алты жолку ээси, футболчу Лионель Месси «Пари Сен-Жермен»

клубу менен келишим түзүү үчүн Францияга келди. «Бул Париж» деген жазуусу

бар футболкачан 34 жаштагы аргентиналык спортчуну Ле Бурже аэропортунда

жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты. Эске салсак, ПСЖ клубунда бразилиялык

Неймар жана Килиан Мбаппе дагы ойнойт. Месси буга чейин «Барселонадан»

кетип жатканын билдирип, маалымат жыйын өткөргөн. Ал клубка 2000-жылы

13 жашында келген. Тагыраагы кызыл көк формадагы команданын катарында 17 жыл ойноду.