“Манас” аэрпорту ири инфраструктуралык долбоорлорду 2023-жылы да улантат

“Манас” эл аралык аэрпорту ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну 2023-жылы да улантат.

Бизге аталган аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кийинки жылы “Ош”, “Жалал-Абад” аэропортторунун аэродромдорунун элементтерин реконструкциялоо жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекеттик комплекси курулат.

Белгиленгендей, бардык долбоорлор мекеменин өз каражатынын эсебинен аткарылат.

Кошумчаласак, “Манас” аба майданынын түзүмүнө колдонуудагы 11 аэропорт кирет.

Анын ичинен бешөө эл аралык болсо, алтысы ички аймактык аэропорттор.