Москвада калың жааган кардан улам жаңы кызмат пайда болду

Москвада калың жааган кардан улам жаңы кызмат пайда болду.

“Унааны кардан казып чыгаруу” кызмат көрсөтүүсү саатына орточо эсеп менен 800 рублду түзөт.

РБК басылмасы жарыялагандай, аялдар бул кызматты арзандатуу менен ала алышат.

Унааны кардан казып чыгаруу кызматына болгон муктаждык өткөн дем алыш күндөрдө 28 эсе жогорулады.

Аны менен катар ичке жолдорду жана подъезддерди да кардан тазалоо жумушуна суроо талап жогору.