Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр аял турмушка чыкты.
Кеп, Финляндиянын премьер-министри Санна Марин тууралуу болуп жатат.
Ал жолдошу — футболчу Маркус Райкконен менен 16 жылдан бери бирге.
Түгөйлөр 2,5 жаштагы кыздын ата-энеси. 34 жаштагы Марин премьер-министрлик
кызматты 2019-жылдын декабрь айынан бери аркалап келет. Белгилеп кетсек,
буга чейин дүйнөнүн эң жаш премьер-министри Украинада болчу.
Ал Маринден 1 жашка улуу.