«Твиттер» мындан ары да кызматкерлерине үйдөн иштөөгө уруксат берет.
“Твиттер” жумушчуларына туруктуу түрдө үйүнөн иштөөгө уруксат берген
алгачкы ири IT компания. Ишкананын кеңселеринин көбү сентябрда ачылат,
бирок жумушка чыгып-чыкпоону кызматкерлер өздөрү чечет. Кошумчаласак,
буга чейин «Фейсбук» компаниясы жана «Гуглду» башкарган «Alphabet Inc» холдинги
да кызматкерлерине жылдын аягына чейин үйдөн иштөөгө уруксат берген.