Эшли Барти карьерасын аяктаганын жарыялады

Дүйнөдөгү теннисчилердин рейтингин жетектеп келе жаткан австралиялык Эшли Барти карьерасын аяктаганын жарыялады.

Спортчунун айтымында, ал жөн гана кадимки жашоону каалайт.

Эске салсак, Эшли Барти 25 жашта.

Ал үч чоң шлем турниринин жеңүүчүсү жана 1978-жылдан бери Австралиянын ачык чемпионатын жеңген биринчи австралиялык теннисчи.