Лионель Месси Чемпиондор лигасында “Ювентустун” дарбазасына гол киргизип мелдештин тарыхындагы ийгиликти жаратты

Аргентиналык “Барселонанын” форварды Лионель Месси Чемпиондор лигасында

“Ювентустун” дарбазасына гол киргизип мелдештин тарыхындагы ийгиликти жаратты.

Турнирдин “Твиттердеги” баракчасында айтылгандай, топтук этапта Месси

футболчулардан алгачкылардан болуп 70 топ көрсөткүчүнө жетти. Эске салсак,

оюнда “Барселона” 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Месси голдук ассист берди.