“Нефтчи” клубу Азиялык футбол конфедерациясынын кийинки этабына автоматтык түрдө өттү

“Нефтчи” клубу Азиялык футбол конфедерациясынын кийинки этабына автоматтык түрдө өттү. Буга түркмөнстандык “Ахал” клубунун футболчулары беттешке келбей койгону себеп болду. Конфедерациянын чечими менен “Ахал” турнирден четтетилди.

 

Эми биздин клуб Тажикстандын “Худжанд” командасы менен 19-жана 26-февралда ойнойт. Жеңүүчү тайпалык этапка жолдомо алат.