“ПСЖ” клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2021-жылкы «Алтын топ» сыйлыгына ээ болду.
Сыйлыкты «France Football» – европа футболундагы мыкты оюнчуга ыйгарат. Месси үчүн
бул алтын топ карьерасындагы жетинчиси. Сыйлыкты тапшыруу аземи 2 жылдык
тыныгуудан кийин Парижде өттү. Ал эми добуш берүүдө Мессиден кийин экинчи орунда
“Бавариянын” форварды Роберт Левандовски турса, үчүнчүдө “Челси” клубунун
хавбеги Жоржиньо жайгашты. Ал эми алтын топтун 5 жолку ээси
Криштиану Роналду бул ирет 6-сапка түшүп калды.