Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүп берет. Каражат коронавирустан вакцина сатып алууга жумшалышы керек, — деди дүйнөлүк каржы мекемесинин биздин өлкөдөгү өкүлү Навид Хасан Накви.

 

Анын айтымында, кайсы препарат алына турганын Кыргызстан өзү чечет. Болгону вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган болушу керек. Эске салсак, ушул жазда Кыргызстанда массалык эмдөө жүргүзүлөт. Алгач вакцина медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана балдарга жасалат.