Дагы бир сауд арабиялык клуб “Аль-Хиляль” Лионель Месси менен келишим түзүү ниетинде

Дагы бир сауд арабиялык клуб “Аль-Хиляль” Лионель Месси менен келишим түзүү ниетинде. Клуб форвардка жылына 280 миллион евролук келишим сунуштайт. Мессинин ПСЖ менне келишими ушул сезондун аягында соңуна чыгат, бирок француздар аны узартуу жөнүндө ойлонууда.

 

Эгер аргентиналык футболчу “Аль-Хиляльга” өтсө, сумманын басымдуу бөлүгүн мамлекет төлөп берет.

 

Сауд Арабия бийлигинин пикиринде Роналду менен Мессинин бул трансферлери лигага кызыгууну жаратып, 2030-жылкы дүйнө чемпионатын кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтөт.