Кыргызстандын калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезек кызматы менен  52 миңден ашык адам колдонду

Кыргызстандын калкты тейлөө борборлорунда онлайн кезек кызматы менен  52 миңден ашык адам колдонду. Мындай маалымат менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги бөлүштү.

 

Бул кызмат өткөн жылдын 1-июнунда киргизилген. Онлайн кезекке Earlyone уюлдук тиркемеси аркылуу туруп, белгиленген убакытта эле келсе болот. Бул система Ошто дагы ишке кирген. Эң көп брондоо жашаган жери боюнча маалымкат алуу, чет элдиктерди каттоо жана паспортту алмаштыруу кызматтарына жасалган.