Ордо калаада эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке чыкты

Ордо калаада эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке кайтты.

Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын катарында дарыгер,

орто жана кенже персонал, лаборант, эпидемиолог жана башка кызматкерлер бар.

Муну менен катар эмгек өргүүдө жүргөн медицина кызматкерлерин мажбурлап

ишке чакыртуу маселеси жок. Алардын айлык акылары тиешелүү негизде төлөнөт.

Эмгек өргүүсүндө жүргөн дарыгерлерди кызматка тартуу иштери

түшүндүрүүлөрдүн негизинде жүргүзүлүп жатат.