Добуш берүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 112 факты катталды

Добуш берүү учурунда шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 112 факты катталды.

Бул тууралуу ички иштер министринин орунбасары Октябрь Урмамбетов билдирет.

Ал белгилегендей, 102 факты боюнча ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлүп, чечим чыгарылды.

Калгандары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Милициядан белгилешкендей,

фактылардын саны көбөйүшү ыктымал. Айрымдар тиешелүү органдарга

кайрылууга үлгүрө элек болушу мүмкүн.