Россиядан 28 миң тонна ун алып келүү боюнча келишим түзүлдү.
Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун
жетекчиси Каныбек Айдаров билдирди. Анын айтымында,
Кыргызстандын унга болгон жылдык керектөөсү 1 миллион
тоннаны түзөт. Учурда запастар жетиштүү деңгээлде.
Анын көлөмүн ачыкка чыгарууга мыйзам жол бербейт.
Эске салсак, буга чейин 26-марттан баштап Казакстан
Кыргызстанга ун жана буудай ташууга убактылуу чектөө киргизген.