Коронавирус жуктурган дарыгерлерге 200 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт

Коронавирус жуктурган дарыгерлерге 200 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт.

Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда,

каржылык колдоо кичи кызматкерлерге да тиешелүү болот. Ошондой эле

эгерде дарыгер каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берүү

чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда

коронавирус жуктурган 32 медицина кызматкери бар.